Бир сутка ичинде 75 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек ш. – 23
Чүй облусу – 18
Ош ш. – 4
Ош облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 3
Баткен облусу – 20
Нарын облусу – 3
Талас облусу – 2
Республика боюнча жалпы 3735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 243, жалпысынан 1897 киши айыкты.
Жалпысынан республика боюнча айыккандардын саны — 5632 кишини түздү.