Сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

Автор -

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 78 жаштагы эркек киши, Баткен облустук ооруканасынан 71 жаштагы аял, Нарын облустук ооруканасынан 72 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасынан 42 жаштагы аял, 63 жаштагы эркек киши, Кара-Буура аймактык ооруканасынан 79 жаштагы эркек киши, Панфилов райондук ооруканасында 53 жаштагы эркек каза болду.

Жалпы COVID-19 инфекциясынан каза болгондордун саны 167 кишини түздү.