Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында билдирди.
Анын айтымында, 41 бейтаптын ичинен 20 адам республиканын ар кайсы облустарынан жана Бишкекте 21 адам каза болгон.
Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны – 612 адам.