Жазаларды аткаруу кызматынын 75 кызматкери пневмонияга чалдыккан

Автор -

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 75 кызматкери пневмонияга чалдыккан. Мындай маалыматты бүгүн, 16-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«1-майдан бери пневмония менен ооруган 33 адам сакайса, бүгүнкү күнү 42 бейтап амбулатордук бөлүмдө дарыланууда. Бардыгы болуп 75 кызматкер пневмонияга чалдыккан.

Учурда күнүнө дене табы көтөрүлгөн 100-150 адам кайрылууда. Аларды көзөмөлдөп 7 дарыгер, 6 медайым иштөөдө. Кээде дарыгерлер күнү-түнү күзөттө туруп, андан кийинки күнү да иштеп жатышат», — дешти мекемеден.

ЖАМКдан канча кызматкер COVID-19 илдетине чалдыкканы боюнча маалымат берген жок.