Бир суткада 86 бейтап ооруканадан чыгарылды

Автор -

Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде 86 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө  чыгарылды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бишкек шаарынан -13;
Чүй облусунан — 25;
Ош шаарынан -10;
Ош облусунан -1;
Нарын облусунан — 2;
Ысык-Көл облусунан -5;
Жалал-Абад облусунан -21;
Талас облусунан -1;
Баткен облусунан -8.

«Бейтаптардан кайталанып алынган анализдеринин жыйынтыктары терс чыкты.  Жалпысынан ооруканадан 3 821 жаран айыгып чыкты. Үй карантининде отурган жарандардан  -378 адам айыкты. Жалпы айыккандардын саны 6 096 адамды түздү», — деп билдирди Акматова.