Коронавирус жана пневмониядан 83 адам каза тапты

Автор -

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус жана пневмония оорусунан 83 бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурларын жана пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 33;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу – 9;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу – 1.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде каза болгондор — 83. Жалпы — 785.