Ысык-Көл облусунда жеӊил автоунаа менен комбайн жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 19-июль күнү болжол менен саат 11.50 чамасында Түп райондук милициясына Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 196-чакырымында жол кырсыгы болгондугу жөнүндө кабар түшкөн.
Аталган кабардын негизинде окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, Түп районунун Талды-Суу айылынын 32 жаштагы тургуну Ж.У. өзүмдүк «Субару-Легаси» автоунаасы менен түндүктү көздөй бара жатып, автоунаанын башкаруусуна ээ боло албай алдыда Түп айылынын 23-жаштагы тургуну Ж.А.нын башкаруусунда бара жаткан «Енисей» үлгүсүндөгү комбайн менен сүзүшүп алганын аныкташкан.
Жол кырсыктын натыйжасында жеӊил автоунаанын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү 65 жаштагы Түп районунун Жылуу-Булак айылынын тургуну У.А. алган жаракаттары менен райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факт Түп райондук милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.