Бишкек жана Ош шаарларында ушул жумада жаңы ооруканалардын курулуш иштери башталат. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 21-июлда, Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өкмөт башчы Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананы куруу иштерин тез арада баштоо тапшырмасын берди.
Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана долбоору даярдалууда.
«Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек. Бул иштерге Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуусу зарыл», — деди Кубатбек Боронов.
Республикалык штабдын отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы айтылды.
«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташ керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун», — деди Өкмөт башчы.
Жыйындын жүрүшүндө Республикалык ыкчам штаб тарабынан берилген аймактарда кошумча орундарды даярдоо боюнча тапшырманын аткарылышы талкууланып, Премьер-министр Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилеринин бул багыттагы ишине сын айтты.
Ошондой эле отурумда тармактык мамлекеттик органдарга эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди.