Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар 1108ге жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек — 323
Ош – 124
Чүй облусу – 122
Ош облусу — 93
Талас облусу — 70
Нарын облусу – 54
Ысык-Көл облусу – 154
Жалал-Абад облусу – 107
Баткен облусу — 61
Март айынан бери коронавирус илдетин жуктургандардын саны 28 251 адамга жетти. Анын ичинен 14 776 адам айыгып чыкты.