Сутка ичинде 467 медкызматкер айыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында бүгүнкү брифингде белгилүү болду.

• Бишкек ш. – 12
• Чүй облусунда – 10
• Ош ш. – 9
• Ош облусунда – 5
• Жалал-Абад облусунда – 4
• Баткен облусунда – 6
• Ысык-Көл облусунда – 4

Ал эми бир суткада 23 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантинден 444 медициналык кызматкер айыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2478 учур катталды, алардын ичинен 1091 медкызматкер айыкты.