Элтон Жон 30-майда Маскөөдө концерт берет. Буга чейин ал орус президенти Владимир Путин менен жолугушаары айтылган эле.

«Биз Жон менен бир жума мурда жазышканбыз. Чындыгында, жолугушуу тууралуу макулдашуу болгон. Эгер иш график туура келсе, жолугушууга Путин даяр экенин билдирген. Тилекке каршы, бул жолу болбой калды. Иш график туура келбей калды, башка жолу жолугабыз» — деп билдирет пресс-катчы.

Булак: lenta.ru