Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифингде билдирди.
• Бишкек ш. – 4
• Чүй облусунда – 11
• Ош ш. – 8
• Ош облусунда – 5
• Жалал-Абад облусунда – 1
• Баткен облусунда – 7
• Ысык-Көл облусунда – 9
• Талас облусунда – 3
• Нарын облусунда – 1
Ал эми бир суткада 17 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 52 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2527 учур катталды, алардын ичинен 1160 медкызматкер айыкты.