Бир сутка ичинде өлкө боюнча 53 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында бүгүнкү брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, 53 адамдын арасында 22 учур дарыгерлерден табылган.
Ал эми бир суткада 74 медициналык кызматкер ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2580 учур катталды, алардын ичинен 1234 медкызматкер айыкты.