Мектептердеги балдардын гигиенасына каражат аз бөлүнөт. Мындай пикирин ЮНИСЕФтин суу, санитардык жана гигиеналык программасынын координатору Эсен Турусбеков «КРдеги балдардын абалы» атттуу анализдин бет ачарында билдирди.
Турусбековдун айтымында, изилдөө иштери 54 мектепте жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыктары балдардын 18 пайызы гана колдорун жууй турганын көрсөткөн.
Адис ар бир окуучу үчүн жылына суу менен самынга 280 сомдон бөлүнүүсү керек экенин белгиледи.
«Биз мамлекет мектептердин санитардык жана гигиеналык абалына канча каражат бөлөрүнө кызыгып көрдүк. Көрсө, бул боюнча өзүнчө берене жок экен. «Башка чыгымдар» деген берене бар экен. Анын бөлүштүрүлүшүн мектеп директору өзү чечет. Ал эми анын суммасы ар бир окуучу үчүн жети гана сомду түзөт. Бул сумма дагы толук түрдө эмес, маал-маалы менен которулат экен», — деп билдирди Турусбеков.
Адис мындай маалыматтан кийин көпчүлүк ата-энелер балдардын тазалыгы үчүн өздөрү каражат бөлө баштаганын кошумчалай кетти.