Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тез жардам унааларын сатып алуу үчүн атайын аккумуляцияланган 145 миллион сом суммасындагы акча каражаттары боюнча ыкчам тартипте тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы №56 токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомдо 50 пайыз калдык максаттуу түрдө милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында «Медициналык тез жардам» унааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолоору тууралуу талап киргизилген.
Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү даярдык иштери башталды.
Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдардан жыйналган каражаттарды ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулат.