Эл аралык валюта фондунан алынган каражат каякка жумшалган?

Автор -

Республикалык штаб 2020-жылдын апрель-май айларында Эл аралык валюта фондусу берген  9 765,8 млн сом (I транш) кайсы багытка жумшалганы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, каражат республикалык бюджеттин төмөнкү чыгашаларын жабууга кеткен:

  • эмгек акы (анын ичинде дарыгерлердин, мугалимдердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин) — 4 115,5 млн сом,
  • социалдык муктаждыкка төгүмдөр — 498,5 млн сом,
  • Социалдык фондго трансферттер — 2 131,3 млн сом,
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер — 1 310 млн сом,
  • теңөөчү трансферттер — 160,8 млн сом (ЖӨБ органдарынын эмгек акысы),
  • калкты социалдык жактан камсыз кылуу жана социалдык жардам боюнча жөлөк пул — 1 102,9 млн сом,
  • медициналык товарларды жана кызматтарды сатып алууга — 106,3 млн сом,
  • стратегиялык запастар (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан дан сатып алууга) — 240,1 млн сом,
  • оор турмуштук кырдаалга кабылган калкка, социалдык турак-жай салууга каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам, тамак-аш азыктарын сатып алууга — 19,4 млн сом.

«ЭВФтин 121,1 млн доллар өлчөмүндөгү 2-траншы — экономиканы колдоо боюнча документтер даярдалууда», -деп айтылат маалыматта.