Бишкекте Токтогул көчөсүнүн бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу чектелет

Автор -

Бишкектин Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган көчөнүн Орозобековдон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү 27-июлдан 30-августка чейин чектелет. Бул убакыт аралыгында жогоруда белгиленген тилкеде жылуулук камералары оңдолот.

«Бул жылуулук тармактарын алдыдагы жылытуу мезгилине даярдоонун алкагында жүргүзүлүүдө», — дешет ишканадан.