Сутка ичинде 817 адам коронавирустан айыгып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 817 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Бишкек – 445
Чүй облусу – 66
Ош облусу – 37
Талас облусу – 7
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 7
Жалал-Абад облусу – 105
Баткен облусу – 59
Ош шаары – 90

Илдеттен айыгып чыккандардын жалпы саны —21 205.