Бишкек шаарындагы бала бакчалардын иши кырдаал турукташканча жанданбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматына таянып, «Азаттык» маалымдады.
Борбор калаадагы муниципалдык бала бакчалардын ишин токтотуу чечимин 6-июлда эпидемияга каршы шаардык комиссия кабыл алган. Буга шаардагы айрым бала бакчалардын кызматкерлери коронавирус жуктуруп ооруганы себеп болгон. Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын чечими муниципалдык бала бакчаларга гана тиешелүү.
Коронавирус илдетинен Бишкектеги №148 бала бакчанын жетекчиси Жамиля Токтосунова коронавирус жуктуруп каза болгон.
Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда бала бакчалардын иши менчик түрүнөн көз карандысыз түрдө 23-марттан тартып жабылган. 5-июндан тартып айрым бала бакчалар ишке кирген.