Россия Кыргызстанга 51 млн рублге бааланган гумжардам көрсөттү

Автор -

Россия Кыргызстанга жалпы суммасы 50 млн рублдан ашык болгон гуманитардык жардам көрсөттү. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

2020-жылы 2-августунда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чечен Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 млн 41 миң 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди.

Гуманитардык жардам кечээ кыргыз-казак чек арасынын «Ак Тилек» өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.

Россиянын «Фармстандарт» ачык акционердик коому КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары:

  • 24 100 даана коргоочу комбинезон;
  • 24 729 даана үч кабаттуу беткап;
  • полимердик материалдан жасалган 5 248 даана көз айнек;
  • 10 649 бет калкан жана башка медицина тармагына зарыл болгон каражаттарды жөнөткөн.