Биз күндө атын атап, жашап жүргөн жер-суу аттары эмнени түшүндүрөт, көпчүлүгүбүз биле бербейбиз же маани бербейбиз. Saat.kg алардын чечмеленишин, маанисин изилдеп көрдү.
Бул ирээт өлкөбүздүн жети дубанынын аттарын карап көрөлү.
Баткен – фарси тилинен «бат-шамал» — «кен-жер, шаар» шамалдуу жер дегенди түшүндүрөт.
Ош –уламыштар боюнча, жер айдап жүргөн дыйкандын эки өгүзү баспай такалып калган экен. Ошондо «өш» деп алдын караса тоого такалып калат. Ал Сулайман тоосу. Өш деп айтып, ал жер Ош болуп аталып кеткен. Бүгүнкү күндө Франциянын түштүгүндө да Ош деген шаар бар.
Жалал-Абад – «Жалал» деген сөз — адам аты, ал эми «абад» жер дегенди түшүндүрөт. Жалал деген киши келип, бул жерде туруп калып, конуш кылгандыктан, Жалалдын жери деген түшүнүктөн келип чыккан. Ооганстанда Жалал-Абад деген шаар бар.
Талас – «тал» сөзү чоку дегенди түшүндүрөт. Мисалы, эң бийик жерди тал чоку деп коёт. Же болбосо, Чок-Тал деген чокунун аты бар. Ал эми «ас» сөзү суу дегенди түшүндүрүп, чокудан агып түшкөн суу деген мааниин билдирет. Талас дарыясы тоодон башталат. Алтайда Талас деген жер бар.
Нарын — тар, кууш, майда дегенди түшүндүрөт. Нарын дарыясы кууш болуп аккандыктан аталган. Бул эски түрк тилинен алынган сөздөр.
Ысык-Көл – баарыбызга белилүү болгондуктан, анын админстративдик борбору саналаган Каракол шаарын алып көрөлү. Кара – чоң маани берип, кол деген өрөөн дегенди түшүндүрөт. Караколдун чечмелениши чоң өрөөн деген маанини берет.
Чүй — эски түрк тилинен чүйгүн, берекелүү, береке деген сөздү түшүндүрөт. Чынында Чүй өрөөнү эң берекелүү жерлердин бири. Алтайда Чүй өрөөнү бар.
Өзгөн — өз, уз-кол өнөрчү, ген, кент -шаар дегенди билдирип, кол өнөрчүүлөрдүн шаары деген түшүнүктү берет.
Кемин — кем, байыркы кыргыз тилинде суу деген маанини түшүндүрөт. Кемин суусу көп жер дегенди билдирет.
Кийинки жолу Кыргызстандын башка жер-суу аттарынын маанисин сунуш кылабыз.