Акыркы 3 сутка ичинде Кыргызстанда 4 киши сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын бири — 7 жашар бала. Ал 7-август күнү Нарын облусундагы Теңдик айылынан өткөн Чу дарыясына чөгүп кеткен. 9-август күнү издөө иштерин улантуу максатында 11 куткаруучу тартылып, саат 20:20да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. Издөө иш-чаралары 10-август күнү улантылат.
8-август күнү куткаруучуларга Жалал-Абад облусунда Орто-Токой суу сактагычына 26 жаштагы жигит чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине 9-август күнү 7 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 12:00дө маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Чүй облусунун Кемин районундагы Жел-Арык айылында 15 жаштагы өспүрүм бала көлмөгө чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, саат 19:35те маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Кечээ, 9-августта Лебединовка айылындагы чакан ГЭСке 15 жаштагы дагы бир өспүрүм чөккөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, саат 00:15те иш-чаралар убактылуу токтотулган. Бүгүн, 10-август күнү, издөө иштерин улантуу максатында 5 куткаруучу тартылып, саат 07:00дө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.