26-27-май күндөрү Жапонияда өтүп жаткан «Чоң жетиликтин» саммитинде лидерлер дүйнөлүк маанилүү маселелерди талкуулашты.

Биринчи маселе Украинадагы ок атышпоо келишимин аткарылышы жөнүндө пикир алышты. Кабыл алынган декаларацияда «G7 өлкөлөрү Орусия менен сүйлөшүүлөрдү колдойт, бирок Маскөөгө карата салынган санкциялар Минск келишимин аткарылганда  гана алынышы керек. Эгер кырдаал курчуп кетсе, анда санкциялар күчөтүлөт» — деп жазылат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Орусияга карата салынган санкцияларды алуу азырынча эртелик кыла турганын билдирди. Ал эми Европа Кеңешинин төрагасы чараларды узартууну сунуш кылды. Евробиримдиктин санкциясынын мөөнөтү 31-августта аяктайт. Ал эми Донбасстагы келишимидин аткарылышы, тынчтыктын жөнгө салынышы дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек экендигин белгилешти.

Дагы бир жетишилген келишимдердин бири Крымдын Орусия Федерациясына кошуулусун тааныбоо болду.

«Чоң жетилик» 1976-жылы түзүлгөн. 1997-жылы Орусиянын кошулуусу менен «Чоң сегиздик» (G8) болуп өзгөргөн эле. 2014-жылы Орусиянын Крымды анекциялап алышы менен уюмдан чыгарылып, кайра «Чоң жетилик» аталаган. Жапониянын премьер-министри Синзо Абе «чоң жетиликти» кайрадан «чоң сегиздик» кылып калыбына келтирүү сунушун колдобогон башка лидерлер Жапониянын өткөн айдагы Сочидеги иш сапары боюнча отчёт угушту.