Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Мурда маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгы Коррупцияга каршы кызматтын материалдарына таянуу менен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчилиги тарабынан ири суммадагы каражаттарды чыгарып кетүү менен байланышкан бир катар кылмыш иштери боюнча сотко чейинки тергөө иштерин улантууда.
Тергөө «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлеринен, жеке менчик жеткирүүчү компаниялардын өкүлдөрүнөн жана текшерүү органдарынын кызматкерлеринен турган туруктуу топтун товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу жана ар кандай кызматтарды көрсөтүүдө болушунча кымбат бааларды коюу жолу менен мамлекеттик ишканадан ири суммадагы акча каражаттарын уурдоого багытталган кылмыштуу ишмердигине бөгөт койду.
Танып кетүүгө болбогон далилдердин негизинде 2020-жылдын 14-августунда Мамлекеттик салык кызматынын башкы инспектору А.М. кармалды. Ал «Кыргыз темир жолу» ишканасынын конкурстарында катышып жүргөн айрым компаниялар менен байланышта болуп, бийлик өкүлү катары колдоо көрсөтүп келген жана белгиленген коррупциялык схеманын иштешинде маанилүү роль ойногон.
Кармалган А.М. коррупция беренеси менен шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 15-августта Бишкектин Биринчи май райсоту камакка алуу баш коргоо чарасын кабыл алды, тергөө уланууда.