COVID-19: Сутка ичинде 2 адам каза таап, 155 жаңы учур катталды

Автор -

Кыргызстанда 18-августка карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1 498 адамга жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде Бишкек шаарынан бир, Баткен облусунан бир адам каза тапкан.

Ал эми сутка ичинде 155 адам ооруну жуктуруп алганы тастыкталды. Алар төмөнкү аймактардан:

  • Бишкек — 40
  • Ош – 11
  • Чүй облусу – 13
  • Ош облусу — 14
  • Талас облусу – 6
  • Нарын облусу – 11
  • Ысык-Көл облусу – 24
  • Жалал-Абад облусу – 24
  • Баткен облусу — 12.

Март айынан бери коронавирус 42 миң 146 адамдан тастыкталды.