Саламаттык сактоо министрлиги жаңы типтеги коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайрадан карап чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысынын орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Жаңы статистика боюнча 2020-жылдын 18-августуна карата Кыргызстанда коронавирустан мурда айтылгандай 1 498 адам эмес, 1053 адам каза тапкан.
«Буга чейин каза болгондордун статистикасына коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталган учурлар жана пневмониянын белгилери менен каза тапкандар кирип жаткан. Бул каза болгондордун санын бурмалоого алып келди», — деди Каратаев.
Ушуга байланыштуу COVID-19 коронавирус инфекциясы менен каза болгондордун себебин изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп чыгып, 2019-2020-жылдардын 7 айындагы өлүмдөрдүн ыкчам талдоосун колдонуп, ошондой эле COVID-19 ырастоо жана коддоо боюнча эл аралык методикалык сунуштардын негизинде каза болгондордун себептерин карап чыгып, төмөндөгүдөй тыянакка келген.
[ads-quote-center cite=»]Каза болгондордун 437 учурунун (29%) негизги себеби COVID-19 болгон эмес.[/ads-quote-center]- 437 учурдун арасынан 358 учурдун (82%) себеби жүрөктүн коронардык оорусу болгон,
- 24 учурдуку (5,6%) – курч миокард,
- 13 учурдуку (3,1%) – мээдеги кан айлануунун курч бузулуусу,
- 10 учурдуку (2,5%) – бөйрөктүн курч жетишсиздиги,
- 32 учурдуку (6,8%) – башка себептер (суициддер, онко оорулар ж. б.).
Мындан улам, бүгүнкү күнгө карата өлүм учурларынын саны 1 053 учурду түзүп, өлүмдүүлүк көрсөткүчү – 2,4%, 1 млн калкка өлүмдүүлүк көрсөткүчү 162 учурду түздү.
«Статистика кайра каралгандыктан, 7 айдын жыйынтыгы боюнча ашыкча өлүм учуру катталганы байкалган эмес, 2019-жылдын 7 айында жалпы 19 346 адам каза болсо, 2020-жылдын 7 айында 18 799 адам каза тапкан», -дешет министрликтен.
Ал эми калган 8 кишинин эмнеден каза тапканы айтылган жок.