Москва районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
2020-жылдын 7-июль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Садовое
айылынын жашоочусу Б.Ю. арыз менен кайрылып, сарайынан белгисиз адамдар
3 баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомду түзгөн.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Москва районунун ИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кароо
жүргүзүү учурунда окуя болгон жерден автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери
калган. Анын негизинде автоунаанын үлгүсү такталып, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, 55 жаштагы М.С. жана 63 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалышып, уурдалган мал табылып, ээсине кайтарылып берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап, иш сотко жөнөтүлдү.