Кыргызстанда коронавирустан айыккандар 35 миңден ашты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 312 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 19-августта брифинг маалында билдирди.

Бишкек – 102
Ош шаары – 18
Чүй облусу – 41
Ош облусу – 27
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 13
Ысык-Көл облусу – 50
Жалал-Абад облусу – 40
Баткен облусу – 19

Коронавирус илдетинен жалпы 35 миң 197 адам айыгып чыкты.