Сузакта дайынсыз болуп жаткан 8 жана 10 жашар балдар табылды

Автор -

Жалал-Абаддын Сузак районунда дайынсыз болуп жаткан эки жаш бала аман-эсен табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-август күнү саат 20:00 чамасында Масадан айылындагы каналынга 8 жана 10 жаштагы эки бала балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болушкан.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Сузак райондук №65 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, ИИМ кызматкерлери  жана туугандары тартылган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 21-август күнү, 2 жаш бала каналга жакын жайгашкан турак үйдүн чатырынан куткаруучулар  тарабынан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.