Бир сутка ичинде 103 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Алар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек — 27;
- Ош – 1;
- Чүй облусу – 8;
- Ош облусу — 8;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 8;
- Жалал-Абад облусу – 29;
- Баткен облусу — 19.
Бардыгы болуп март айынан бери 43 миң 126 адам бул илдетке кабылды. Алардын 36 миң 615и айыгып чыкты. 1057 адам бул оорудан каза тапты.