Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-5 көлүнө жаш жигиттер чөгүп кетти. Бул тууралуу соцтармактарда окуянын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, жигиттер катамаран тээп жүрүшкөн. Бири сууга чөгүп баштаганда, экинчиси аны куткаруу үчүн сууга секирип, бирок ал да кирип кеткен.
Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты. Мекеменин билдиришинче, окуя кечээ болгон.
«Кечээ, 23-август күнү ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 2 эркек киши (экөө тең 1998-жылы туулган) чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10 куткаруучу тартылды. Издөө иштери бүгүн, 24-август күнү улантылат», — деп билдиришти ӨКМден.
https://www.instagram.com/p/CEO2K4zJjbz/