Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 292 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү брифингинде айтылды.
Алар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек – 137;
- Ош шаары – 1;
- Чүй облусу – 20;
- Ош облусу – 30;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 30;
- Жалал-Абад облусу – 29;
- Баткен облусу – 29.
Жалпы март айынан бери 37 миң 217 адам бул илдеттен айыгып чыкты.