Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 275 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.
Алар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек – 115
 - Ош шаары – 12
 - Чүй облусу – 17
 - Ош облусу – 23
 - Талас облусу – 15
 - Нарын облусу – 8
 - Ысык-Көл облусу – 24
 - Жалал-Абад облусу – 28
 - Баткен облусу – 33
 
Бул илдетти жеңип чыккандардын жалпы саны 37 миң 492 адамга жетти.






























