COVID-19: Каза тапкандар жок, 101 жаңы учур катталды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19дан каза тапкандар болгон жок, ал эми жаңы 101 учур катталды. Бул тууралуу  саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы чыккан учурлар төмөнкү аймактардан:

  • Бишкек — 32
  • Ош – 1
  • Чүй облусу – 7
  • Ош облусу — 10
  • Талас облусу — 4
  • Нарын облусу – 5
  • Ысык-Көл облусу – 18
  • Жалал-Абад облусу – 16
  • Баткен облусу — 8

Март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 43 миң 459 кишиге жетти. Учурда 845 бейтап стационарда дарыланууда, үйдөн 4680 бейтап дарыланууда. Жалпы каза тапкандар 1 миң 58 адам.