Ош шаарынын мэриясы жарандар үчүн Кең-Сай конушундагы типтүү жеке турак үйлөрдүн курулушун каржылоо үчүн уникалдуу долбоорун баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, долбоор эл аралык донорлордун каржылык колдоосу менен ишке ашырылат. Үйлөрдү курууга насыялоонун пландаштырылган баасы 1 чарчы метрге 240 АКШ долларын түзөт. Насыя 15% менен 12 жылдык мөөнөткө берилмекчи.
Сунуш кылынган долбоор Ош шаарындагы Кең-Сай конушунун аймагындагы 3265 жер тилкесинде ишке ашыруу пландаштырылууда.
Жеке үйлөрдү куруу Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык ипотекалык ишканасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Курулуш учурунда толук кандуу ыңгайлуу шарттар эске алынат, жергиликтүү курулуш материалдар колдонулат, бардык экологиялык нормалар жана эсептелген Госстрой стандарттары сакталат.