31-август күнү «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара президенттин катышуусу менен өтөт.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иш-чара онлайн форматта өтөт. Көрүүчүлөр чакырылбайт. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр пландалган жок.
Иш-чаралар республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт. Салтанат саат 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт.
Саат 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салют атылат.