Сутка ичинде 15 медкызматкер айыгып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

• Бишкек ш. – 1
• Чүй облусунда – 1
• Баткен облусунда – 2
• Жалал-Абад облусунда – 3

Ал эми бир суткада ооруканалардан 4, ал эми үй карантининен 11 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3123 учур катталды, алардын ичинен 2424 медкызматкер айыкты.