Соңку суткада 12 медкызматкер айыкты, үчөө жугузуп алды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Чүй облусунда – 1
• Баткен облусунда – 2

Ал эми бир суткада ооруканалардан эки, үй карантининен он медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3136 учур катталды, алардын ичинен 2483 медкызматкер айыгып чыкты.