Эс алууга барган. Бостериде 17 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти

Автор -
264

Ысык-Көл районунда эс алып жаткан 17 жаштагы өспүрүм бала сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык кечээ, 1-сентябрь күнү саат 16:25те орун алган.

«Бостери айылында жайгашкан «Талисман» пансионатында 2003-жылы туулган бала көлгө чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.