Ысык-Көлдө мамкызматтарды көрсөтүүнүн кошумча борборлору ачылды

Автор -

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» аталышындагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн кошумча борборлору ачылды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, бул облус тургундары арасында коронавирус жугуштуу илдетинин жайылышына жол бербөө жана карантиндик режимди сактоо максатын көздөйт.

«Бирдиктүү терезе» принцибинде иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн кошумча борборлору Тоӊ, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн базасында ачылды. Эми аталган аймактардын тургундары тийиштүү иш кагаздарын алыш үчүн, мурдагыдай облустун борбору – Каракол шаарына келишинин зарылдыгы жок.

Башкармалыктан белгилегендей, аталган кызматта адамдын өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды, кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын, жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтары жүргүзүлмөкчү.

«Бирдиктүү терезе» принциби киргизилгенден баштап, жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Соттолгондугу, же болбосо соттолбогондугу жөнүндө справка 10 жумуш күнүндө акча төлөнбөстөн берилет.