Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого чейин тыныгууга кетүүнү чечти

Автор -

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоого чейин тыныгууга кетүү боюнча токтомду көпчүлүк добуш менен колдоду. Токтом бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Депутат Дастан Бекешев сентябрь айына карата календардык план бекитилгенин эскертип, аны жокко чыгаруу керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бекитилген календардык планды иш баштаганда улантып кете берише турганын билдирди.

Жалпы 93 депутат катталып, токтом долбоорун 79 депутат колдосо, 1 депутат каршы добуш берди.