Сутка ичинде 92 кишиден коронавирус табылды. Көбү — Ысык-Көлдө

Автор -

Бир сутка ичинде коронавирустан бир бейтап каза таап, 92 адам жаңы жугузуп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каза тапкан бейтап Баткен облусунун тургуну болгон.
Ал эми жаңы учурлар төмөнкү аймактардан чыккан:

  • Бишкек — 12
  • Ош – 2
  • Чүй облусу – 7
  • Ош облусу — 15
  • Талас облусу — 1
  • Нарын облусу – 6
  • Ысык-Көл облусу – 32
  • Жалал-Абад облусу – 3
  • Баткен облусу — 14.

Учурда бул илдеттен 584 бейтап ооруканада, 4614 бейтап үйүндө дарыланууда. Бардыгы болуп март айынан бери өлкөдө ооруну 44 миң 227 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 39,4 миңден ашыгы айыгып чыкты.