Ысык-Көл жана Баткенде медкызматкерлер коронавирус жуктуруп алышты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Оору жуктуруп алган медкызматкердин үчөө Баткен облусунан, экөө — Ысык-Көлдөн.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 3,  үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3157 учур катталды, алардын ичинен 2579 медкызматкер айыкты.