Чүй облусунун Аламүдүн районунда жеңил унаа каналга түшүп кетти. Автоунаанын ичинде 2 адам болгонун, аларды издөө иштери жүргүзүлүп жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, окуя 8-сентябрь күнү саат 21:10 чамасында Дачное айылында орун алган.
«Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаа каналга түшүп кеткен, унаада бир аял, бир эркек киши болгон. Алардын өздүгү учурда такталууда. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн окуя болгон жерге өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды. Издөө иш-чаралары бүгүн да улантылат», — дешти мекемеден.