Ош шаарында адамдарды тоноого шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр карактаган буюмдарды күрөөканаларга коюп, акча алып жүрүшкөн.
«Акыркы 1 ай ичинде тоноо боюнча Ош ШИИБине 7 адам арыз жазган. Арыздардын негизинде 7-сентябрь күнү кылмышка шектелип Өзгөн районунун 2000-жылы туулган 2 тургуну, Кара-Суу районунун 2002-жылы туулган 1 тургуну кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.