Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айы үчүн айлык алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазган.
«Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө жана регламенти жөнүндө мыйзамдарга ылайык, депутаттар жаңы чакырылыштагы эл өкүлдөрү ант берип, кызматына киришкенге чейин эмгек акысын үзгүлтүксүз алышат. «Депутаттар жыйынга чогулбай эле маяна ала береби?» деген сөздөр да айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо өнөктүгү учурунда парламенттин трибунасын өз партиясынын кызыкчылыгы үчүн колдонуудан карманып, бир ай бою региондордо эл менен жолугуу чечимин кабыл алган. Башкача айтканда, алар эл өкүлчүлүк милдетин толук аткарып жатышат. Эгер өнөктүк учурунда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү муктаждыгы пайда болсо, Жогорку Кеңештин депутаттары 24 сааттын ичинде чогулууга даяр. Айрым маалымат булактары Жогорку Кеңештин бир айлык бюджетин 120 депутатка бөлүп, эл өкүлдөрүнүн чыгымдары боюнча туура эмес маалыматтарды таратышууда. Депутаттардан сырткары парламентте аппараттын, иш башкармалыктын кызматкерлери да, Эмгек кодексинде белгиленгендей маяналарын алышат.
Кошумчалай кетчү жагдай, Жогорку Кеңеш ушул жылы пандемияга байланыштуу чыгымдарын кескин кыскартууга барды. Сатып алуулар, оңдоп-түздөө иштери токтотулду. Андан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары бир айлык эмгек акысын, айрым фракциялар эки, үч айлык эмгек акыларын пандемияга каршы күрөшүү фондуна которуп берген.
Жогорку Кеңештин бардык чыгымдары толугу менен мыйзамдарда белгиленген нормалар менен гана жүргүзүлөрүн дагы бир жолу баса белгилегибиз келет», — деп жазылган билдирүүдө.
Депутаттар 4-сентябрь — 2-октябрь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барып, калктын абалы менен жеринде таанышат.