Кытай Кыргызстанга 100 өрт өчүрүүчү унаа берүүнү убадалады

Автор -

Кытай Кыргызcтанга 100 өрт өчүрүүчү унаа, атайын жана авариялык-куткаруу автомобилдик техникалардын бирдигин жана 15 өрттөн-куткаруу жабдуулар бирдигин берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 13-сентябрда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши Ван И менен жолукту.

Анда министр Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу гуманитардык жардамдары жана туруктуу колдоолору үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары кыргыз-кытай кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. COVID-19 пандемиясына байланыштуу ишке ашырылышы аргасыз токтоп калган маанилүү эки тараптуу долбоорлорду иш жүзүндө алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыздын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине да токтолушту.

Тараптар ушул жылдын 8-сентябрынан тартып «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышына канааттануусун билдиришти. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышы пандемия шартында соода-экономикалык байланыштын жанданышы үчүн негизги фактор болуп саналары айтылды, ал Кыргыз Республикасында экономикалык активдүүлүктү кызыктыруу үчүн дегеле негизги кадам болуп саналат.

«Макроэкономикалык кырдаалга коронавирустук инфекциянын терс таасири тийип жаткандыктан министр өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүү маселесине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Сапардын алкагында «Кыргыз Республикасынын ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн-сактоо бөлүмдөрүнүн техникалык потенциалын бекемдөө» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө эки мамлекеттин ортосунда алмашуу катына кол коюлду. Долбоордун алкагында 100 өрт өчүрүүчү унаа, атайын жана авариялык-куткаруу автомобилдик техникалардын бирдигин жана 15 өрттөн-куткаруу жабдуулар бирдигин берүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.