Кара-Кечедеги жер көчкүдөн жабыркагандар жок

Автор -
Жумгалдагы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолунда тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 14-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кара-Кече көмүр казуу кенинде жер көчкү жүргөн. Мындан улам Дыйкан-Кара-Кече унаа жолуна таш түшүп, жол жабылып калган. Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
«Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган. Нарын облусунун Жумгал районунун жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы көлөмү болжол менен 900 миң метр куб таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөн. Табигый кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюлуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

===