Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдагы элчи Райымкул Аттокуровдун сөзүн жокко чыгарды. Элчиликтин билдирүүсүндө:
«Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуровдун «Правда.ру» порталына курган маегинде айткан сөздөрүндө олуттуу негиз жок. Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген», — деп жазылган.
Элчиликтин билдирүүсүндө Кыргызстан – көз карандысыз, эгемендүү мамлекет экени белгиленип, эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу болуп саналары, өлкөдө орус тили мамлекеттик эмес, расмий тил экени эскертилген.
Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспораларынын уюмдарын лидерлерин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ой-пикирлерин жарыялоодон алыс болууга чакырган.
Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуров орусиялык маалымат агенттигине курган маегинде «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү тууралуу сөз болуп жатканын» айткан. Бул жалпы кыргыз коомчулугунда нааразылыктарды жаратты.