Жалал-Абадда куралчан кылмыштуу топ кармалды

Автор -
308

Жалал-Абад облусунда курал колдонуп оор кылмыш жасаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-июль күнү таңкы саат 04:35 чамасында Сузак райондук милициясына ооруканадан чалышып, Жалал-Абад шаарынын 59 жаштагы тургуну ок жеп жаткырылганын кабарлашкан.

Жерине барган ыкчам топ Сузак районундагы Бишкек-Ош жолунда жайгашкан газ куюучу жайлардын биринде иштеген 1961-жылкы Б.Т. аттуу адамды түн ичинде жумуш ордунан бет кап кийген белгисиз эки жаран келип, акча талап кылып, көзүнө газ чачып, тапанча менен ичине бир жолу атып качып кетишкенин аныкташкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-Суу районунун К.Ж. аттуу 22 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынган. Дагы бир шектүү катары Базар-Коргон районунун 25 жаштагы тургун изделүүдө. Ал дагы мурда оор берене менен сот жоопкерчилигине тартылган.

7-август күнү Базар-Коргон районунун 1957-жылы туулган Х.Ж. аттуу тургуну милицияга арыз жазган. Анда 6-августтан 7-августка караган түнү саат 03:00 чамасында анын үйүнө үч жаран бет капчан келип, үй ээсин, аялы жана баласын кошуп байлап, уруп акча талап кылышканын билдирген. Кылмышкерлер анын дүкөнүнөн 2 миң сомго жакын акчаны алып чыгып кетишкен. Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун 1998-жылы туулган, мурда соттолгон К.Ж. аттуу тургуну кармалган.

Тергөөдө шектүү кылмыш жасаганга колдонгон куралдарды Базар-Коргондук Сирожидин аттуу кишиден алып, окуядан кийин кайра алып барып бергенин айткан. Кылмыштуу топту курал менен камсыздаганга шектелип, мурда соттолгон ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Базар-Коргон районунун 44 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кармалган. Анын жашаган үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада 2 даана ок атуучу курал, аларга тиешелүү бир топ ок-дарылар алынган. Шектүү 2 айга камакка алынган.